Түрк басма сөзү 24.02.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

679158
Түрк басма сөзү 24.02.2017

«Хабер түрк» гезити «Трампка Түркиянын маанисин түшүндүрөбүз» деген маалыматында АКШнын башкы штабынын төрагасы Жосеф Данфорд Сирияда ДЕАШка каршы  күрөштү ылдамдатуу үчүн президент Дональд Трампка сунуш кыла турган «саясий  - аскердик» тандоо жолунун Түркия менен АКШнын ортосундагы күчтүү биримдиктин улантылышы боюнча кадамдардын таштала аларын кабарлагандыгын жазган. Данфорд : «Түрк союздаштарыбыздын мааниси тууралуу сүйлөшөбүз жана пландарыбызды Түркия менен болгон күчтүү союздаштыгыбыздын негизинде улантууга аракет кылабыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Германияда ПККга уруксат бар, Эрдоганга жок» деген маалыматында ар бир мүмкүнчүлүктө эркиндиктерден сөз кылган Германиянын Түркияга каршы террордук уюмдарга жардам берүүнү улантып жаткандыгын жазган. Террордук уюм ПККнын митингине уруксат берген, Фетуллахчы террордук уюмдун мүчөлөрүнө колдоо берген Германия президент Р. Т. Эрдогандын референдум митинги үчүн «тоскоол болуу» кампаниясын баштатты. Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын ички иштер министри Ральф Ягер федералдык өкмөттүн Түндүк Рейн – Вестфалия аймагы же Германиянын кайсы бир жеринде мындай митингдердин өтөкүрүлүшүнө тоскоол болушу керектигин айтты.

«Йени шафак» гезити «Консулдукта бир ПККлык» деген маалыматында АКШнын Адана консулдугунун тилмечи Хамза Улучайдын ПККга карата операцияда көзөмөлгө алынгандыгын жазган. Мардиндин Кызылтепе КЖКнын жогорку мартабалуу жооптуусу менен сүйлөшкөн жана көчө кыймылдарын уюштуруу менен күнөөлөнгөн Улучай Аданада консулдуктан чыгып жатып кармалды. Хамза Улучай 1 -  мартта мезгилдин АКШ ички коопсуздук министри Жех Жонсондун Аданадагы чатыр шаар сапарында тилмечтик кылган.

«Стар» гезити «Биринчи газ  2018де» деген маалыматында азери газын Европага ташый турган Түштүк газ коридору проектисинин жыйыны Бакуда өткөндүгүн билдирген. Президент Илхам Алиев : «2011 -  жылы Таййип Эрдоган менен ТАНАПка кол коюбуз бул проектинин бурулуш жери болду»,- деди. Энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак да : «ТАНАПта курулуштун 65 пайызы бүттү. 2018 -  жылы биринчи газды өткөрөбүз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Тандалган эки тил» деген кабарында билим берүү министрлиги тарабынан келерки жылы орто мектептерде окутула турган албанча жана бошнякча тандалган сабак катары программага киргизилгендигин жазган. Эки тил жашаган тилдер жана диалектилер сабагынын негизинде берилет.



Тектеш кабарлар