Түрк басма сөзү 20.02.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

675850
Түрк басма сөзү 20.02.2017

«Хүррийет» гезити «Бири-бирилерине курал-жарак сатып жатышат» деген маалыматында Германияда 53-Эл аралык Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында сөз сүйлөгөн Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, террордук уюмга каршы күрөшүп жатып башка бир террордук уюмга колдоо көрсөтүүнүн туура эмес экендигин айтканын жазган. Чавушоглу: «Бул АКШдагы мындан мурдагы башкаруучулуктун кылган жаңылыштыгы. Алар ЙПГге курал-жарак беришти. ПКК ал куралдын айрымдарын алды. ДЕАШ ошол куралдардын кээ бирлерин колго алды. Булар курал-жарактарды эки тараптуу түрдө алмашууда. ДЕАШ, ЙПГ жана берки террордук уюмдар бири-бирилерине курал-жарак сатып жатышат. ПКК бул куралдарды Түркиядагы террордук кол салууларда колдонууда. Түркия АКШнын шериктеши бирок бул күрөшүүдө башка террордук уюмга эмне себептен колдоо көрсөтүүдө»,- деп айтты.

«Стар» гезити «Террорго каршы макулдашуу» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым менен Ирактын күрт башкаруучулугунун премьер-министри Месуд Барзанинин Германиянын Мюнхен шаарында жолугушканын билдирген. Анда аймактагы кырдаал жана террорго каршы күрөшүү темалары каралды. Террорго каршы күрөшүүдөгү чечкиндүүлүк баса белгиленген жолугушууда Йылдырым координациянын маансин баса белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Темир жолго жергиликтүү мотор» деген маалыматында Түркия Локомотив жана мотор өнөр жайы ауционердик коому, түрү жана күчү жагынан Түркия үчүн алгачкы болгон «TLM6V185» аттуу дизель моторун өзүнүн инженер жана жумушчулары менен  иштеп чыкканын билдирген. Эскишехирдеги заводго барып жергиликтүү дизель моторунун таанытуу аземине катышкан транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан: «Ылдам жүрүүчү поездди өзүбүз жасайбыз. Өлкөбүздө эле колдонуп тим болбостон дүйнөнүн бардык жерине экспорттойбуз»,- деди.

 «Сабах» гезити «Деңиздин түбүндө сүзүүчү туристтик кеме» деген маалыматында Антальяда 1-апрелден тарта кызмат көрсөтө турган 46 жүргүнчүлүү деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү туристтик кеме «Nemo Primeroнун» алгачкы чумкуусун ишке ашырганын билдирген. Бул туристтик кеменин 110 метр тереңдикке түшө алаарын белгилеген өндүрүүчү компаниянын башкы директору Юнус Эмре: «Дүйнө жүзүндө 7 өлкөдө ишке ашырылган иш-чара. Деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү кемени модеринизациялоо бир жылга созулду. Экинчисин 2018-жылы тейлөөгө ачууну пландап жатабыз. Сезондун ичинде 70 миң жергиликтүү жана чет элдик туристти деңиздин түбүнө саякатка чыгарууну максаттап жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар