Түрк басма сөзү-9.09.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

568679
Түрк басма сөзү-9.09.2016

«Стар» гезити «НАТО үчүн абдан маанилүүсүз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган НАТОнун баш катчысы Столтенбергди Президенттик комплексинде кабыл алганын жазган. Столтенберг: «Сапарым Түркиянын НАТО үчүн абдан маанилүү шериктеш болгонунун далили»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Обаманы алгыла Эрдоганды бергиле» деген маалыматында «сунушка таянган экономиканын атасы» катары билинген дүйнөгө таанымал АКШлык экономист Артур Лаффер, ДЕИК/Түркия-АКШ иш консейинин чакыруусу менен Түркияга келгенин жазган. Лаффер Анкарада бир семинар өткөрөөр алдында басма сөзгө маалымат берип: «Жаман экономика көргүңүздөр келсе АКШга келиңиздер. Сиздерге мындай сунушум бар; Обаманы алгыла, Эрдоганды бергиле. Түркияда салык темасында дагы менчиктештирүү темасында дагы жасап жаткан иштериңер мактоого арзырлык. Ушундай улантып олтурсаңыздар өнүгүү көрсөткүчүңүз абдан өсөт»,-деди.

«Сабах» гезити «Кануниге жиберилген 12 метрдик ырахмат айтуу көргөзмөдө» аттуу макаласында Кануни Султан Сулеймандын дүйнөдөн кайтышынын 450-жылында Венгриянын борбор шаары Будапештте «Юнус Эмре» институту тарабынан «Кануни Султан Сулейман-Венгрияда калган жүрөк» ысымдуу миниатура жана фотосүрөт көргөзмөсү ачылганын жазган. Көргөзмөдө алгач ирет Мекке суу каналдарынын бүтүрүлүшүнөн кийин Кануниге жиберилген 12 метр узундуктагы «Ырахмат айтуунун» фотосүрөтүн жарыкка чыгарды.

«Хүррийет» гезити «Фильм кыска качкын болуу узун» деген маалыматында «Сабанжы» фонду качкын аялдардын маселелерине көңүл буруш үчүн «Кыска фильм узун таасир» аттуу кыска метраждуу фильм сынагын уюштурганын маалымдаган. «Кыска фильм узун таасир» аттуу сынагында биринчилик сыйлыгы 15 миң, экинчилик сыйлыгы 10 миң, үчүнчүлүк сыйлыгы катары 5 миң лира белгиленди. Сынакка катышкысы келгендер kisafilmplatformu.org адресине 2016-жылдын 5-декабрына чейин кайрыла алышат.

«Хабер түрк» гезити «Ордуда 2100 жылдык Эне теңирче Кибеленин айкели табылды» аттуу маалыматында Чыгыш Кара деңиз аймагынын алгачкы археологиялык казууларынан бири болгон Ордунун Курул чебинде 2100 жылдык экени божомолдонгон 200 кг салмагындагы жана 110 см бою болгон мармардан жасалган тактыда олтурган Эне теңирче Кибеленин айкели табылганын баяндаган. Материалдык жактан баа бычылгыс айкел бир топко дейре өз ордунда турат, андан соң тийиштүү адистер изилдеген соң Ордудагы музейге жайгаштырылат.



Тектеш кабарлар