Түрк басма сөзү 11. 04. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

233452
Түрк басма сөзү 11. 04. 2015

«Йени шафак» гезити «Инвестициялар абдан маанилүү алдыңкылык» деген маалыматында Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму ОЕСДнин баш катчысы Анхель Гурриа глобалдык өсүү моторунун цилиндирлеринен бирөөсү болгон инвестициянын жарым күч менен иштеп жатканын белгилеп : «Ошондуктан инвестицияларга чындыгында чоң жыйырмаларда Түркиянын кезектешкен башкаруучулугунда мааниге ээ болууда»,- деди. Стамбулда өткөрүлгөн чоң жыйырмалар Г 20 – ОЕСД глобалдык кооперативдик башкаруунун форумунда сөз сүйлөгөн Гурриа инвестициянын өсүүсү үчүн структуралык реформаларга муктаждыктын бар экенин, өзгөчө да Түркиянын чоң жыйырмалардын кезектешкен башкаруучулугунда инвестициянын 2 пайызга арттырылуусуна карата максаттардын караларын айтты.
«Стар» гезити «Аккуюуда биринчи пайдубалды түптөө 14 - апрелде» деген маалыматында Мерсиндин Гүлнар районунда курула турган Түркиянын алгачкы атомдук күч станциясы Аккую атомдук күч станциясынын пайдубалы 14 - апрель күнү түптөлөрүн жазган. 20 миллиард доллардан ашуун инвестиция салынуусу күтүлгөн станциянын биринчи блогу 2020 - жылы, 3 - 4 - блогунун болсо 2022 - жылы ишке кирерин жазган.
«Хабер түрк» гезити "4G тендери 26 - майда» деген маалыматында информация жана коммуникация технологиялары мекемеси ылдам интернеттин алдын ачып 4G тендерине байланыштуу календарын белгилеп,тендердин 26 - майда саат 10. 30да болорун жазган.
«Йени шафак» гезити «Дүйнөнүн алгачкы кадастр саммити Стамбулда» деген маалыматында экология жана шаарчылык министри Идрис Гүллүже дүйнөдө биринчи жолу Түркиянын үй ээлигинде «Дүйнөлүк кадастр саммитинин» өткөрүлөрүн айтты. Министр Гүллүже : «80 өлкө катыша турган жана 150 илимий маалымат билдириле турган жыйын менен маалыматтарды башка өлкөлөр менен бөлүшүп дүйнөгө ачылуу»,- деди.
«Ватан» гезити «Коңшуда түрктөргө карата визаны жоюу сунушу» деген макаласында Грецияда өкмөттүн эң чоң өнөктөшү болгон Радикал сол биримдик партиясы СИРИЗАнын 18 депутаты түрктөргө 72 сааттык визанын берилүүсүн талап кылганын жазган.
«Хабер түрк» гезити «Түрк Эйнштейни реанимацияда» деген маалыматында түрк Эйшнтейини деп билинген химик жана молекула биологу профессор доктор Октай Синаноглунун реанимацияда экенин белгилеген. Дүйнөдө молекулалык биология тармагында биринчи профессорлордон болгон профессор доктор Синаноглу комага кирип, жандандыруу бөлмөсүнө алынган.
«Стар»гезити «Космосто турмуштун алгачкы изи» деген маалыматында НАСАнын 15 жылдын ичинде космостон табууну ойлогон «жандуу» кабарынын кечээ келгенин жазган. Астрономдор жер шарынан 450 жарыктык жылы алыста болгон турмуштун негизги ташы катары кабыл алынган РНК жана ДНК сыяктуу өзүн копиялаган органикалык молекулаларды тапканын билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар