Түрк басма сөзү 16.10.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

159317
Түрк басма сөзү 16.10.2014

«Акшам» гезити «Сирия чек арасында химиялык курал тревогасы!» аттуу кабарында мыйзамсыз өтүүлөр жана качуулар күчөгөн жерлерде чара көрүүлөр процесске кирген Сирия чек арасында «абдан жашыруун» химиялык курал тревогасы берилгенин жазган. Тревоганын алкагында бажыкана каалгаларындагы «химиялык зат» чара көрүүлөрү чек аранын бардыгына жайылтылды, коргоочу кийим жана шайман таркатылды.


«Миллийет» гезити «Йылдыз: Орусиядан арзандатууну талап кылдык» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары минстри Танер Йылдыз Орусиядан жаратылыш газ темасында арзандатуу талабын койгондорун белгилеп, «Москвадагы жыйналыш жана жолугушууларым маанилүү болчу. Ал жерде биз бул талапты Орусия тарабына жеткирдик. Баалардын арзандатылышын талап кылганбызды жана мунун контракт жана келишимдер менен жаңылануусунун, Түркия Республикасынын 2015-жылдын 1-январынан баштап укугу болгонун жана бул темага байланыштуу даярдык жасалышын аларга билдирдик»,-деп айтканын баяндаган.


«Сабах» гезити «Түркиянын токтомуна баш ийишибиз керек» деген кабарында Франциянын премьер-министри Мануэль Вальс Франциянын Сирия чек арасында бейтарап аймак курулушу боюнча Түркиянын сунушун колдогондорун айтканын жазган.
Гезит Парламенттеги жыйында бир суроого жооп берген Вальстын: «Франция, Түркия сунуштаган бейтарап аймак же коопсуз аймак курулушун колдоого алат»,-дегенин маалымдаган.

 «Йени шафак» гезити «Алгачкы жергиликтүү улуттук жөө аскердин мылтыгы колунда» деген кабарында Машина жана химия индустриясы мекемеси Кырыккаледеги курал ишканасында өндүрүлгөн Түркиянын алгачкы жергиликтүү улуттук жөө аскер мылтыгы МРТ-76нын айрым десанттык бөлүктөр жана атайын күчтөргө сыноо максаттуу таркатканын жазган.Гезит жөө аскердин мылтыктарынын арасында эң жеңили болгон МРТ-76нын арасында кум, чаң, баткак да орун алган 36 башка сыноодон ийгиликтүү өткөнүн баяндаган.

«Стар» гезити «Түрк тазалык фирмасы Эболага согуш жарыялады» аттуу кабарында түрк фирмасы Интеко тарабынан өнүктүрүлгөн микроп өлтүрүүчү «Biocidal Basics» дезинфекциялоочу фирма, дүйнөгө коркунуч туудурган Эболага каршы согуш жарыялаганын белгилеген. Товар 3 ай бою микропту жолотпогону үчүн соода борборлору, окуу жайлар жана аэропорттордун тандоосу болгонун белгилеген.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар