Клубдар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына карай
Быйыл 20-ирет уюштурулган ФИФА клубдар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта Испаниянын Реал Мадрид командасы буга чейин 5 жолу чемпион болгон.
Сауд Арабиянын кожоюндугунда өтүүчү 2023 ФИФА клубдар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын финалында Англиянын Манчестер Сити командасы Бразилиянын өкүлү Флуминенсе менен беттешет.
ФИФАга караштуу 6 конфедерациянын чемпиондору жана үй ээси квотасынан акыркы лига чемпиону беттешкен иш-чаранын финалында Манчестер Сити менен Флуминенсе 22-декабрь жума күнү саат 21.00дө Король Абдуллах Спорт Сити стадионунда ойнойт.
Үчүнчү орун үчүн беттеш болсо Япониянын Урава Ред Даймондс командасы менен Египеттин Аль-Ахли командасынын ортосунда ошол эле күнү саат 17.30да Принц Абдулла аль-Файсал стадионунда өткөрүлөт.
Быйыл 20-ирет уюштурулган ФИФА клубдар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта Испаниянын Реал Мадрид командасы буга чейин 5 жолу чемпион болгон.
Испаниянын Барселона командасы кубокту 3 жолу жеңсе, Германиянын өкүлү Бавария Мюнхен менен Бразилиянын Коринтианс Паулиста командасы 2 жолудан кубокту өз музейлерине алып барышты.
Англиянын өкүлдөрү Челси, Ливерпуль жана Манчестер Юнайтед, Италиянын Интер жана Милан командалары жана Бразилиянын Интернасионал жана Сан-Паулу командалары футбол боюнча клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда бир жолудан кубокту жеңип алышкан.