Керем Португалияда биринчи голун киргизди
Португалиянын 1-Футбол лигасынын 5-жумасында Бенфика өз үйүндө ойногон оюнда Санта Клараны 4-1 эсебинде жеңди.
Португалиянын Бенфика командасына өткөн улуттук футболчу Керем Актүркоглу биринчи 11 оюнчунун арасындагы биринчи беттешинде гол киргизип, командасынын жеңишинде маанилүү үлүшкө ээ болду.
Португалиянын 1-Футбол лигасынын 5-жумасында Бенфика өз үйүндө ойногон оюнда Санта Клараны 4-1 эсебинде жеңди.
Беттештин 1-мүнөтүндө Винисиустун голу менен конок команда алдыга чыкканы менен, Керем Актүркоглу 27-мүнөттө топту дарбазага киргизип командасына тең чыгууну алып келди.
Бенфиканын башка голдорун Флорентино Луис (34-мин.), Антонио Силва (47-мин.) жана Анхель Ди Мария (58- мин.) киргизди.
Алгачкы беттешин жаңы машыктыруучусу Бруно Лаге менен өткөргөн Бенфикада эки улуттук футболчу Керем Актүркоглу жана Оркун Көкчү биринчи 11де ойноду.
Упайларын 10го жеткирген Бенфика лидер Лиссабон Спортингден 5 упай артта, 3-орунда турат.
Тектеш кабарлар
Шахика Эржүмен экинчи жолу Түркия рекордун жаңылады
Буга чейинки рекорд да 91 метр менен Эржүменге таандык болчу.