ЕВРО-2024тө колдонула турган топ

УЕФА ЕВРО-2024түн расмий матч топун тааныштырды...

2064964
ЕВРО-2024тө колдонула турган топ

УЕФА Германияда 2024-жылы өтө турган футбол боюнча Европа чемпионатында колдонула турган расмий матч топун таанытты.

Adidas фирмасы тарабынан өндүрүлгөн жана немисче «футбол сүйүүсү» деген маанини билдирген «Fussballliebe» аттуу топту таанытуу иш-чарасы борбор калаа Берлиндеги Олимпиада стадионунун алдында өткөрүлдү.

УЕФАнын билдирүүсүндө, колдонулган технологиянын негизинде топтун ар бир кыймылы тууралуу маалымат берилери, мунун да видео жардамчы калыстын (VAR) чечим кабыл алуу процессине салым кошо турганы белгиленди.

EURO 2024 Германиянын 10 шаарында 2024-жылдын 14-июнунан 14-июлуна чейин өтөт.



Тектеш кабарлар