Улуттук таэквондочу Энбия Таха Бичер алтын медалды багындырды
Финалдык мелдеште Энбия Таха Бичер норвегиялык Ричард Андре Ордеманды оңой эле жеңип, алтын медалга ээ болду.
2138254
![Улуттук таэквондочу Энбия Таха Бичер алтын медалды багындырды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7f28/5da2/d676/663f0f7082998.jpg?time=1722045299)
Улуттук таэквондочу Энбия Таха Бичер Сербияда өткөрүлгөн Европа таэквондо чемпионатында эркектер арасында 87 килограмм финалда норвегиялык Ричард Андре Ордеманды жеңип алтын медалга ээ болду.
Борбор шаар Белградда болуп жаткан чемпионаттын экинчи күнүндө эркектер арасында 87 килограммда Энбия Таха Бичер жарым финалда Грециядан Василейос Толиотисти жеңип финалга өттү.
Финалдык мелдеште Энбия Таха Бичер норвегиялык Ричард Андре Ордеманды оңой эле жеңип, алтын медалга ээ болду.