Хорватия-Түркия беттеши бүгүн...
Критикалык беттеш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
2049696
Хорватия-Түркия беттеши бүгүн...
Түркиянын А Улуттук футбол командасы УЕФА 2024 Европа чемпионатынын тандоо оюндарынын D тайпасынын 6-матчында бүгүн атаандаштын талаасында Хорватия менен беттешет.
Хорватия гол айырма менен Түркиядан алдыда.
Критикалык беттеш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
Осиек шаарындагы Опус Аренада ойноло турган беттешти Англиянын футбол федерациясынан Энтони Тейлор башкарат.
Түркия убактысы боюнча саат 21.45те баштала турган беттеш ТРТ-1, tabi.com, trtspor.com.tr жана TRT Radyo-1 каналдарынан түз эфирде көрсөтүлөт.
Тайпадагы башка оюнда ошол эле күнү Латвия менен Армения беттешет.
D тайпасындагы дагы бир команда Уэльс болсо жетинчи матч күнүн атаандашсыз өткөрөт.