Жаштар арасындагы дүйнөлүк кубок Анкарада...
Түрк улуттук командасы биринчи беттешинде Замбияны 2-0 эсебинде жеңди.
2049134
![Жаштар арасындагы дүйнөлүк кубок Анкарада...](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ddba/c4f6/915f/65262e29ac7e6.jpg?time=1719021854)
Дүйнөлүк бейсбол жана софтбол конфедерациясы тарабынан уюштурулган 'Бейсбол5 жаштар дүйнөлүк кубогу' Анкарада башталды.
Түрк улуттук командасы биринчи беттешинде Замбияны 2-0 эсебинде жеңди.
12 өлкөнүн командасы катышкан бейсбол 5 жаштардын дүйнөлүк кубогу Анкара Йенимахалле спорт залында башталды.
Европада 2-орунга ээ болуу менен кубокко жолдомо алган Түркиянын улуттук курама командасы алгачкы беттешинде Замбия менен ойноду.
Кызуу таймашта улуттук команда атаандашын 2:0 эсебинде жеңип, мелдешти жеңиш менен баштады.
Бейсбол5 жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионат 15-октябрда ойноло турган финалдык беттештерден кийин аяктайт.