Сити Германияда каалаганына жетишти
Чемпиондор лигасынын чейрек финалындагы оюнда Бавария менен 1-1 эсебинде тең чыккан Манчестер Сити жарым финалга өттү.
1977552
Чемпиондор лигасынын чейрек финалындагы оюнда Бавария менен 1-1 эсебинде тең чыккан Манчестер Сити жарым финалга өттү.
УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында "Альянц" стадионунда "Бавария" менен "Манчестер Сити" беттешти.
Биринчи оюнда атаандашын 3-0 эсебинде жеңген Манчестер Сити экинчи оюнда немис командасы менен 1-1 эсебинде тең чыгып, жарым финалга чыкты.
Беттештин 57-мүнөтүндө Эрлинг Хааланд Ситини алдыга алып чыкты.
Үй ээси команда 83 - мүнөттө Киммихтин голу менен талаа ээлери эсепти теңдешти.
Жалпы эсеп боюнча 4:1 эсебинде Манчестер Сити алдыга чыккан тарап болду.
Реал Мадрид менен Манчестер Ситинин жарым финалдык беттеши 9-16-майда болот.