Кливленд Кавальерстен жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо

Америка Баскетбол Лигасынын (NBA) командасы Кливленд Кавальерс  эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн  жабыркаган жарандар үчүн улуттук оюнчу Жеди Осман аркылуу колдоосун билдирди.

1944397

Кавальерстин интернет сайты жана социалдык медиа эсептеринде орун алган кабарда :  «Кавальерс жана NBA үй  - бүлөсү Түркия менен коңшу аймактардагы кыйратуучу  жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга чукул түрдө жардам берген жергиликтүү жана улуттук  уюмдарды колдоо үчүн иштеп жатат»,- деп билдирилди.

Улуттук баскетболчу Жеди Осман болсо : «Өлкөбүздө болгон жер титирөөдөн улам кайгылуумун. Элибизге көңүл айтам. Уранды астындагылардын эртерээк чыгарылышын каалаймын. Дуаларым, жүрөгүм сиздер менен. Команда катары жана жекече колубуздан келген бардык нерсени жасоого аракет кылуудабыз. Дагы бир жолу мындай апааттардын болбошун тилеймин»,- деди.

Тектеш кабарлар