Президенттик кубок TRT SPOR Йылдызда...

Аялдар арасындагы Президенттик кубокто лиганын акыркы чемпиондору менен Түркия кубогунун чемпиондору беттешет.

1924482
Президенттик кубок TRT SPOR Йылдызда...

Баскетбол боюнча аялдар арасында 28-Президенттик кубогу бүгүн Анкарада ээсин табат.

Фенербахче Алагөз Холдинг менен ЧБК Мерсин Йенишехир муниципалитети бүгүн Анкарада баскетбол боюнча аялдар арасында 28-Президенттик кубогу үчүн беттешет.

Пандемиядан улам 2 жылга токтотулган мелдеш 1993-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Аялдар арасындагы Президенттик кубокто лиганын акыркы чемпиондору менен Түркия кубогунун чемпиондору беттешет.

Өткөн жылы аялдардын баскетбол боюнча супер лигасында чемпиондукту алган Фенербахче Алагөз Холдинг менен Түркия кубогунун чемпиону ЧБК Мерсин Йенишехир муниципалитети эң чоң кубокту алуу үчүн саат 19.00дө Анкара спорт залында күч сынашат.

Беттеш ТРТ СПОРТ Йылдыздан түз эфирде көрсөтүлөт.

Президенттик кубокту 12 жолу көтөргөн Фенербахче бул уюмда эң көп чемпиондукту алган команда.

ЧБК Мерсин Йенишехир муниципалитети бул кубокту жеңүү үчүн экинчи жолу аянтка чыгат.



Тектеш кабарлар