Уругвай-Түштүк Корея беттешинде гол жок
Дүйнөлүк кубоктун H тайпасынын ачылышында Уругвай менен Түштүк Корея беттешти.
1910806
2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын H тайпасында Уругвай менен Түштүк Корея 0-0 эсебинде тең чыкты.
Дүйнөлүк кубоктун H тайпасынын ачылышында Уругвай менен Түштүк Корея беттешти.
"Education City" стадионунда франциялык калыс Клемент Тюрпендин ышкырыгы менен башталган беттеш голсуз аяктады.
Уругвай 43 жана 90-мүнөттө эки жолу дарбазага такалды.
43-мүнөттө Годиндин башы менен урушу жана 90-мүнөттө Вальверденин катуу соккусу менен топ мамыда жарылып кетти.
Жыйынтыгында эки команда тең бирден упай менен тайпаны баштады.
Экинчи беттеште Түштүк Корея менен Гана, Португалия менен Уругвай беттешет.