Түркия - АКШ беттеши ТРТ 1де

Польшанын Гливице шаарында боло турган беттеш Түркия убактысы боюнча саат 18.30да башталат.

1891131
Түркия - АКШ беттеши ТРТ 1де

Аялдар волейбол боюнча улуттук курама командабыз бүгүн FIVB дүйнөлүк чемпионатынын чейрек финалында АКШ менен беттешет.

Польшанын Гливице шаарында боло турган беттеш Түркия убактысы боюнча саат 18.30да башталат.

Беттеш ТРТ 1 жана trtspor.com.tr каналдарынан түз эфирде көрсөтүлөт.

В тайпасынын лидери катары акыркы 16га чыккан улуттук курама команда 2-турда F тайпасындагы таймашта Германия менен Канаданы жеңсе, АКШ менен Сербия беттешинде жеңилип калган.

F тайпасында Сербия менен АКШдан кийинки үчүнчү орунда аяктаган улуттук команда чейрек финалга жолдомо алды.

Улуттук курама F тайпасында АКШга 3:1 эсебинде утулуп калган.

Эбрар Каракурт 157 упай менен Ай-Жылдыздуу командабыздын бомбардири катары өзгөчөлөндү.

АКШда Андреа Дрюс 105 упай менен эң көп упай топтогон оюнчу болду.

Улуттук курама АКШны утса, жарым финалда Сербия-Польша беттешинин жеңүүчүсү менен беттешет.

FIVB Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Италия-Кытай жана Бразилия-Жапония беттештери да орун алат.


Этикеткалар: #АКШ , #Түркия , #волейбол

Тектеш кабарлар