УЕФАнын Орусия боюнча чечими

УЕФАнын Аткаруу комитети, EURO 2024 тандоо оюндарынын чүчү кулак кармоо форматын бекитти.

1882410
УЕФАнын Орусия боюнча чечими

УЕФА Орусияны 2024-жылы өтүүчү футбол боюнча Европа чемпионатынан (EURO-2024) четтеткенин билдирди.

УЕФАнын Аткаруу комитети Хорватиянын Хвар шаарында чогулуп, 9-октябрда Франкфурт шаарында өтө турган УЕФА EURO 2024 тандоо оюндарынын чүчү кулак кармоо форматын бекитти.

Ага ылайык, чемпионатты өткөрө турган Германия автоматтык түрдө финалдык турнирге жолдомо алып, тандоо топторуна кирбейт.

EURO-2024 тандоо оюндарына 53 улуттук федерация катышат.

10 тайпанын жеңүүчүсү жана 10 тайпанын экинчиси финалдык турнирге жолдомо алышат.

2024-жылдын март айында ойнолуучу плей-офф оюндарынан 3 команда финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

53 команда 2022-2023-жылдары УЕФА Улуттар Лигасынын рейтингине ылайык иреттелген 7 баштыкка бөлүнөт.



Тектеш кабарлар