Түркия - Литва беттеши ТРТ-1де
Измирдеги «Гүрсел Аксел» стадионунда өткөрүлө турган беттешти Франциянын футбол федерациясынан аял калыс Стефани Фраппар башкарат.
1842716
Түркиянын Улуттук футбол командасы УЕФА Улуттар С лигасынын 1-тайпасындагы төртүнчү беттешинде бүгүн Литваны тосуп алат.
Түркия убактысы боюнча саат 21.45те баштала турган оюн TRT-1, TRT- Radyo 1, TRT- İZLE жана trtspor.com.tr каналдарынан түз эфирде көрсөтүлөт.
Измирдеги «Гүрсел Аксел» стадионунда өткөрүлө турган беттешти Франциянын футбол федерациясынан аял калыс Стефани Фраппар башкарат.
Тайпадагы биринчи оюнда Фарер аралдарын 4-0, экинчи оюнда Литваны атаандаштын талаасында 6-0 жана акыркы беттешүүдө Люксембургду 2-0 эсебинде жеңген улуттук курама 9 упай менен лидерликте.
Литва болсо азырынча упайга ээ боло элек.
Тайпадагы берки беттеште Люксембург Фарер аралдарын кабыл алат.