Түркия - Литва беттеши ТРТ-1де..

Түркия убактысы боюнча саат 21.45те баштала турган оюн ТРТ- 1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

1842388
Түркия - Литва беттеши ТРТ-1де..

Түркиянын Улуттук футбол командасы УЕФА Улуттар С лигасынын 1-тайпасындагы төртүнчү беттешинде эртең Литваны тосуп алат.

Түркия убактысы боюнча саат 21.45те баштала турган оюн ТРТ- 1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Измирдеги «Гүрсел Аксел» стадионунда өткөрүлө турган беттешти Франциянын футбол федерациясынан аял калыс Стефани Фраппар башкарат.

Ай жылдыздуу командада Рыдван Йылмаз жаракатынан улам талапкер катарынан чыгарылды.

Улуттук курамада жаракат алган Энес Үналдын абалы беттештин жүрүшүндө белгилүү болот.

Тайпадагы биринчи оюнда Фарер аралдарын 4-0, экинчи оюнда Литваны атаандаштын талаасында 6-0 жана акыркы беттешүүдө Люксембургду 2-0 эсебинде жеңген улуттук курама 9 упай менен лидерликте.

Литва болсо азырынча упайга ээ боло элек.

Тайпадагы берки беттеште Люксембург Фарер аралдарын кабыл алат.



Тектеш кабарлар