Жем Бөлүкбашы Жиддада жарышпайт
Жем Бөлүкбашы соцтармактан маалымат берди.
Формула 2 Дүйнөлүк чемпиондугунун машыгууларында кечээ кырсыкка учураган улуттук учкуч Жем Бөлүкбашы бул жуманын аягында Жиддада боло турган жарыштарга катышпайт.
Соцтармактан маалымат берген Жем Бөлүкбашы : «Ден соолугу жакшы. Эч бир маселе жок. Бардык керектүү текшерүүлөр болгондон киийн жана кырсыктын өзгөчөлүгүнө байланыштуу алдын алуу максатында бул жуманын акырында Жидда жарыштарын катышпай тургандыгым билдирилди»,- деди.
Формула 2нин билдирүүсүндө : «Медициналык кароодон өткөндөн кийин №23 унаанын айдоочусунун баш мээси чайкалып, алдын ала текшерүү үчүн түнү бою ооруканага жаткырылганы аныкталып, мелдешке катышууга жараксыз деп табылды, ушул себептен команда тарабынан мелдештен четтетилди», - деп билдирилди.
Спринт жарышы бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 15:30да башталды, негизги жарыш эртең Түркия убактысы боюнча саат 16:35те өткөрүлөт.