Эмре Мутлудан алтын медаль...
Атаандашын 12-6 эсебинде жеңген Эмре алтын медалдын ээси болду.
1792368
Улуттук спортчу Эмре Мутлу Болгарияда уюштурулган 23 жашка чейинки спортчулардын арасындагы Европа күрөш чемпионатында грек-рим стили боюнча 55 килограммда алтын медалга ээ болду.
Пловдив шаарында уланып жаткан иш-чарада Эмре Мутлу грек-рим стилинде 55 кг финалда болгариялык атаандашы Денис Красимиров Демиров менен беттешти.
Атаандашын 12-6 эсебинде жеңген Эмре алтын медалдын ээси болду.
Мустафа Сафа Йылдырым болсо грек-рим стили боюнча 63 килограммда коло медаль үчүн мелдеште армениялык Владимир Хароян менен беттешти.
Хароянды 3-1 эсебинде жеңген Мустафа Сафа коло медалдын ээси болду.