Украиналык эки футболчу каза болду

Футбол жамаатында биринчи жоготуулардын катталгандыгы маалымдалган билдирүүдө, украиналык футболчулардын үй-бүлөлөрүнө, досторуна жана күйөрмандарына көңүл айтылды.

1788301
Украиналык эки футболчу каза болду

Эл аралык дасыккан футболчулар биримдиги (FIFPro) украиналык футболчулар Виталий Сапило менен Дмитрий Мартыненконун Орусиянын чабуулунан улам каза болгонун кабарлады.

Уюмдун Твиттердеги баракчасынан жарыяланган билдирүүдө, Карпаты Львовдун жаштар командасында ойногон 21 жаштагы Сапило менен Гостомель клубунун оюнчусу 25 жаштагы Мартыненконун Орусия-Украина согуш учурунда каза болгондору белгиленди.

Футбол жамаатында алгачкы жоготуулардын катталгандыгы маалымдалган билдирүүдө, украиналык футболчулардын үй-бүлөлөрүнө, досторуна жана күйөрмандарына көңүл айтылды.

Украин маалымат каражаттарында чыккан кабарларга караганда, Мартыненко орус аскерлери жашаган батирге жасалган жардыруу учурунда, каршылык көрсөтүү отряддарына кошулган Сапило болсо Киевдин жанындагы кагылышууда каза болду.



Тектеш кабарлар