Чемпиондор лигасынын финалы Францияда өткөрүлөт

УЕФАнын Аткаруу комитети кезексиз жыйын өткөрүп, УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына байланыштуу олуттуу чечим кабыл алды.

1785518
Чемпиондор лигасынын финалы Францияда өткөрүлөт

Россиянын Украинага карата кол салуусуна спорт жамааты да үнсүз калган жок. 

УЕФАнын Аткаруу комитети кезексиз жыйын өткөрүп, УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына байланыштуу олуттуу чечим кабыл алды.

УЕФА Россиянын Украинага басып киришинен кийин  Чемпиондор лигасынын финалы Санкт Петербург  шаарынан алынып Парижге берилгендигин жарыялады. 

Билдирүүдө 28 -  май күнү ойноло турган финал беттешинин Франциянын улуттук командасы беттешкен Стаде де Франс стадионуна алынгандыгы белгиленди. 

УЕФА ошондой эле УЕФАнын турнирлерине катышкан орус  жана украиналык клубдар менен улуттук командалардын кийинки жарыяга чейин  өз аянттарындагы матчтарынбейтарап жерлерде өткөрүү керектигине чечим чыгарды. 

 

 

 



Тектеш кабарлар