Ферхат Арыжан 2021-жылдын эң мыкты эркек гимнастчысы...

Сыйлыктар 15-августта Германиянын Мюнхен шаарында өтө турган аземде өз категорияларында эң мыкты спортчуларга тапшырылат.

1784384
Ферхат Арыжан 2021-жылдын эң мыкты эркек гимнастчысы...

Улуттук спортчу Ферхат Арыжан, Европа гимнастика биримдиги уюштурган добуш берүүдө 2021-жылдын эң мыкты эркек гимнастчысы болуп тандалды.

Эркектер арасында көркөм гимнастика категориясында ат салышкан улуттук спортчу Ферхат Арыжандын атаандаштарынын арасында израилдик Артем Долгопиати, украиналык Илья Ковтун, орусиялык Никита Нагорнный жана британиялык Макс Уитлок болгон.

Сыйлыктар 15-августта Германиянын Мюнхен шаарында өтө турган аземде өз категорияларында эң мыкты спортчуларга тапшырылат.

2020-жылкы Токио Олимпиада оюндарында үчүнчү орунду алып гимнастика тарыхында биринчи олимпиада медалын алган Ферхат Арыжандын карьерасында эки Европа чемпиондугу да бар.



Тектеш кабарлар