Орусия-Украина кризиси футболго да чагылды
UEFA ,Чемпиондор Лигасынын финалын Санкт-Петербург шаарында өткөрүү идеясын кайра карап чыгууну чечти.
1782624
Орусия менен Украинанын ортосундагы кризис футболго да таасирин тийгизди...
Британ басма сөзү, УЕФАнын бул сезондо Санкт-Петербург стадионунда өткөрүүнү пландаган УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалы коркунучта экенин жазып чыкты.
"Daily Star" гезитинин кабарына караганда UEFA, Чемпиондор Лигасынын финалын Санкт-Петербург шаарында өткөрүү идеясын кайра карап чыгууну чечти.
Эки өлкөнүн ортосундагы кризис тереңдегенден кийин УЕФАнын 2022-жылкы Чемпиондор Лигасынын финалы үчүн альтернативаларды издей баштаганы баса белгиленди.