Украиналык Каминска допинг тесттен өтпөй калды

Эл аралык тест агенттигинин (ITA) билдирүүсүндө, Каминсканын допинг тестте тыюу салынган 3 заттын табылышынан улам Олимпиададан убактылуу четтетилгени айтылды.

1780279
Украиналык Каминска допинг тесттен өтпөй калды

Украиналык лыжачы допингден улам Пекин-2022ден убактылуу четтетилди...

Пекинде өтүп жаткан 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарында лыжа менен чуркоо тармагында күч сынаган украиналык Валентина Каминска допинг-тесттинен өтпөй калган экинчи спортчу болду.

Эл аралык тест агенттигинин (ITA) билдирүүсүндө, Каминсканын допинг тестте тыюу салынган 3 заттын табылышынан улам Олимпиададан убактылуу четтетилгени айтылды.

34 жаштагы Каминска тоо лыжасы боюнча мелдешке катышкан ирандык Хусейин Саве Шемшекиден кийин допингдин себебинен оюндарга катышуудан четтетилген экинчи спортчу болду.



Тектеш кабарлар