ФИФА Дүйнөлүк клубдар кубогу
Палмейрас Бириккен Араб Эмираттарынын борбор шаары Абу - Дабиде уюштурулган беттеште биринчи финалист болду.
1776521
18 - ФИФА клубдар арасы Дүйнө чемпиондугунун финалисттери белгилүү болду. Палмейрас Бириккен Араб Эмираттарынын борбор шаары Абу - Дабиде уюштурулган беттеште биринчи финалист болду.
Либертадорес Кубогунун чемпиону Палмейрас, Африка футбол конфедерациясынын чемпиондор лигасынын кубогунун ээси Эль-Эхли менен беттешти. Беттеште 2 - 0гө жеңген Палмейрас финалга чыкты.
Челси ФИФАнын клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун башка финалисти болду.
Сауд Аравиянын Аль Хилал Рияд командасы менен беттешкен Британиянын командасы Лукаку киргизген голь менен 1 - 0 эсебинде утуп, атын финалга жаздырды.
Палмейрас - Челси финалдык беттеши 12-февраль, ишемби күнү ойнолот.