Тайвань Пекин Кышкы Олимпиадаларына катышпай тургандыгын билдирди
Олимпиаданын ачылышы 4 - февралда 2008 - жылкы Пекин Олимпиадасына арналып курулган “Куш уясы” деп аталган улуттук стадиондо болот.
Тайвань Кытайдын борбор шаары Пекинде өтө турган 2022 Кышкы Олимпиада аземине расмий делегация жибербей турганын жарыялады.
Таиланддын спорт башкармалыгы маалымат берип, спортчулар жана алардын өкүлдөрү Пекин Олимпиадасынын ачылуу жана жабылуу аземдерине катыша албай тургандыгын билдирди.
Маалыматта коронавирустун жаңы түрү Ковид-19га карата чаралар жана өзгөрүлгөн учуу пландары аземдерге катышпоонун себеби катары көрсөтүлдү.
Олимпиаданын ачылышы 4 - февралда 2008 - жылкы Пекин Олимпиадасына арналып курулган “Куш уясы” деп аталган улуттук стадиондо болот.
Ошол эле учурда Америка Кошмо Штаттары, Канада, Австралия, Англия жана Швеция баш болгон кээ бир өлкөлөр Кытай адам укуктарын бузган деген жүйө менен олимпиадаларга катышпастан дипломатиялык бойкот чечимин чыгарган.
Кытай болсо бул өлкөлөр ката кетирип, чыгарган чечимдери үчүн жооп берерин айтып коркутту.