Кышкы Олимпиада оюндары ТРТ экрандарынан көрсөтүлөт

4-20-февраль күндөрү өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарында 90 өлкөдөн 3000дей спортчу ат салышат.

1769706
Кышкы Олимпиада оюндары ТРТ экрандарынан көрсөтүлөт

Кытайдын борбор шаары Пекинде өтө турган 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарына 7 күн калды.

4-20-февраль күндөрү өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарында 90 өлкөдөн 3000дей спортчу ат салышат.

Мелдештер ТРТ экрандарынан көрсөтүлөт.

Оюндардын башталышына бир жума калганда баш калаа Пекиндин бардык жеринен Олимпиадага даярдыктын издерин көрүүгө болот.

Көчөлөр Кышкы Олимпиада оюндары тууралуу көрнөк-жарнактар ​​жана жасалгалар менен капталган. Ал эми Олимпиада талисмандарынын фигуралары панда Бинг Дуин Дуин жана кытай фонары Шуий Рон Рон шаардын ар кайсы бурчтарын кооздоп турат.

Шаардын борборунун түндүгүндөгү Пекин улуттук стадиону жана Пекин олимпиада мунарасы жайгашкан Олимпиадалык парктын аймагы иш-чара үчүн атайын жарыктандырылды.

2008-жылкы Пекин Олимпиадасы үчүн курулган “Куш уясы” деп аталган Улуттук стадиондо 4-февралда Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот.

Кышкы Олимпиаданын толкундануусу TRT SPOR, TRT SPOR Йылдыз жана TRTSpor.com.tr сайтынан көрүүчүлөргө тартууланат.



Тектеш кабарлар