Кытайдагы Кышкы олимпиада оюндарына саналуу күндөр калды

Бул чоң толкундануу TRT SPOR, TRT SPOR YILDIZ жана trtspor.com.tr сайттарында көрүүчүлөргө тартууланат.

1768483
Кытайдагы Кышкы олимпиада оюндарына саналуу күндөр калды

2022-жылы Кытайдын борбор шаары Пекинде өтө турган Кышкы олимпиада оюндарына акыркы 10 күн калды.

Бул чоң толкундануу TRT SPOR, TRT SPOR YILDIZ жана trtspor.com.tr сайттарында көрүүчүлөргө тартууланат.

2022-жылы 4-20-февраль күндөрүнүн аралыгында өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарында 15 тармакта 3 миңге жакын спортчу күч сынашат.

Кышкы Олимпиадада Түркиядан 7 спортчу өкүлдүк кылат.

Кытайда лыжада 6 түрк, музда 1 түрк спортчу күч сынашат.

Тоо лыжасында Өзлем Чакыроглу менен Беркин Уста, лыжадан секирүү боюнча Фатих Арда Ипчиоглу, лыжа жарышында Өзлем Черен Думан, Айшенур Думан жана Юсуф Эмре Фырат катышат.

Фуркан Акар Пекинде муз тебүүдө 1000 метр кыска аралыкка жарыштат.

Жабык муз үстүндөгү мелдештер Пекиндин борборунда, тоо лыжасы жана чана тебүү мелдештери Пекиндин борборунан 75 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Янчинг районунда жана башка лыжа жана сноуборд мелдештери коңшулаш Хибей провинциясына караштуу Канцчакоу шаарында өткөрүлөт.

Кышкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө даярданып жаткан Пекинде Omicron жана Delta вариантын алып жүргөн жергиликтүү учурлардын пайда болушу уюштуруучуларды тынчсыздандырууда.

Жабык айланадагы карантиндик тиркеме алкагында уюштурулушу пландалган оюндарга билеттер сатылбай, көрүүчүлөр топтору мелдештерге чакыруу менен алынып келине турганы айтылды.

Пекиндеги Ковид-19 чараларынан улам Олимпиада оту Кышкы Олимпиада оюндарына чейин аз сандагы бир нече пунктта колдон колго өткөрүлөт.

Пекиндин жергиликтүү бийлигинин билдирүүсүндө, факел 2-3 жана 4-февралда мелдештер өтө турган Пекиндин борборунда, Янчинь районунда жана коңшулаш Хибей провинциясынын Канцчакоу шаарында 11 пунктта колдон колго өткөрүлөрү белгиленди.



Тектеш кабарлар