Түркиянын голбол боюнча кыздар командасы алтын медалга ээ болду
Түркия АКШны 9-2 эсебинде жеңди.
1702060
2020-жылкы Токио Паралимпиадалык оюндарында Түркиянын голбол боюнча кыздар командасы финалда АКШны 9-2 эсебинде утуп алды.
Макухари Мессе спорт залында өткөрүлгөн финалдык беттеште Паралимпиадалык оюндардын акыркы чемпиону Түркия менен АКШ ойноду.
Оюнду тез баштаган Түркия биринчи таймды 6-1 эсебинде алдыда аяктады. Экинчи таймда айырмачылыкты көбөйткөн улуттук команда 9-2 эсебинде жеңишке жетип алтын медалга ээ болду.
Севда Алтунолук ай жылдыздуу команданын бардык голдорун киргизди. Улуттук спортчу 46 голу менен оюндардын бомбардири болду.
Улуттук команда Рио-2016дан кийин Түркия үчүн экинчи Паралимпиада чемпиондугун жеңди.