Түркиянын жарым финалдагы атаандашы Сербия

Чейрек финалда Францияны 3-1 эсебинде жеңген Сербия Түркиянын атаандашы болду.

1701291
Түркиянын жарым финалдагы атаандашы Сербия

Түркиянын волейбол боюнча А улуттук кыздар командасы 2021-жылкы Европа чемпионатынын жарым финалында Сербия менен беттешти.

Чейрек финалда Францияны 3-1 эсебинде жеңген Сербия Түркиянын атаандашы болду.

Түркия менен Сербиянын жарым финалдык беттеши 3-сентябрда (эртең) Белградда өткөрүлөт.

Акыркы эки чемпионатты жеңген Сербия, 2019-жылы Анкарада өткөн финалдык беттеште Түркияны 3-2 эсебинде утуп алган болчу.

Түркиянын командасы Сербиядан реваншты алуу үчүн мелдешке чыгат.

2021-жылкы Европа чемпионатынын берки жарым финалында болсо Нидерландия менен Италия беттешет.



Тектеш кабарлар