Улуттук балбан Сүлейман Атлы Европа чемпиону болду

Польшада өткөн күрөш боюнча Европа чемпионатында 57 кило салмактагы эркин күрөш ыкмасында Сүлейман Атлы орусиялык атаандашын жеңип, алтын медалга ээ болду.

1625352
Улуттук балбан Сүлейман Атлы Европа чемпиону болду
Taha Akgül.jpg
Süleyman Karadeniz.jpeg

Польшада өткөн Европа Күрөш чемпионатында 57 кило салмактагы эркин күрөш ыкмасында Сүлейман Атлы орусиялык атаандашы Начын Монгушту жеңип, алтын медалга ээ болду.

Польшанын борбору Варшавада өткөрүлгөн чемпионатта Сүлейман Атлы чейрек финалда украиналык Камил Керымовду (11-0) , жарым финалда түрк тектүү болгариялык Наим Салим Микяйды (3-1) эсебинде жеңип алды.

Кечээ кечиндеги финалда Орусия үчүн күрөшкөн Начын Монгушту жеңип, улуттук балбан Европанын чемпиону болду.

Экинчи жагынан, Европа күрөш чемпиондугунда 97 килограмм салмакта эркин күрөшкө катышкан Сүлейман Карадениз орусиялык атаандашы Жабраиловго утулуп, күмүш медалга ээ болду.

Карадениз молдовалык Раду Лефтерди (10-0) эсеби менен, чейрек финалда азербайжандык Шамил Зубариовду (6-4) жана жарым финалда грузин Елизбар Одикадзени (7-5) эсебинде жеңип, финалга атын чыгарды.

Сулейман Карадениз финалда россиялык Жабраиловго утулуп, Европада экинчи орунду ээледи.

Ошол эле учурда, эркектер арасында 125 кг салмакта эркин күрөшкө катышкан улуттук спортчу Таха Акгүл финалга чыкты.

Мелдештин экинчи күнүндө килем үстүнө чыккан Таха Акгүл алгачкы финалдык оюн катары мүнөздөлгөн биринчи айлампада дүйнө чемпиону грузин Гено Петриашвилини 6-1 эсеби менен ыңгайлуу жеңип алды.

Таха чейрек финалда поляк Камил Томаш Косчиолекти 6: 1 эсебинде жеңип, жарым финалда беларуссиялык Дзианис Храмьянку менен беттешти.

Атаандашынан 4: 0 эсеби менен өткөн Олимпиада чемпиону улуттук балбан финалга атын жаздырды.

Карьерасында 7 жолу Европа чемпиону болгон Таха Акгүл бүгүн кечинде финалда орусиялык Сергей Козырев менен беттешет.

61 килограмм салмакта күч сынашкан Эмрах Орманоглу биринчи беттешинде италиялык Симоне Винченцо Пиродду 11-1 эсеби менен утуп, чейрек финалга чыкты.

Чейрек финалда Дүйнө кубогунун чемпиону, орусиялык Абасгаджи Магомедовго утулуп калган Эмрах атаандашы финалга чыккандан кийин кайрадан беттешке жолдомо алды.

Коло медалга ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон улуттук спортчу, бүгүн кайрадан беттеште болгариялык Георгий Валентинов Вангелов менен күч сынашат.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, вице-президент Фуат Октай, Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу билдирүүлөрүн жарыялашып спортчуларды куттукташты.



Тектеш кабарлар