Галатасарай жеңиш сериясын улантты
Галатасарай Суперлиганын 23-жумасында Медиполь Башакшехирди 3-0 эсебинде утуп алды.
1576599
Галатасарай Суперлиганын 23-жумасында өз талаасында Медиполь Башакшехирди 3-0 эсебинде утуп алып, жеңиш сериясын улантты.
Стамбулдагы Түрк Телеком стадионунда ойнолгон беттеште атаандаштарын Генри Оньекуру, Райан Донк жана Мустафа Мухаммеддин (пенальтиден) голу менен жеңген сары-кызыл команда удаама-удаа 4-жолу жеңишке жетишти.
Галатасарай лигадагы упайын 45ке жеткирсе, Медиполь Башакшехир 24 упайда калды.