Фенербахче Беко 8 ирет катары менен жеңишке жетишти

Түркиянын командасы атаандашын 107-76 эсебинде утуп алды.

1573434
Фенербахче Беко 8 ирет катары менен жеңишке жетишти

Түркиянын баскетбол боюнча Фенербахче Беко командасы Түрк аба жолдору (THY) Европа лигасынын 23-жумасында Россиянын Химки командасын 107-76 эсебинде утуп алды.

Фенербахче Беко борбор шаар Москвадагы Мытищи Аренада ойнолгон мелдештин биринчи чейрегин 23-22 эсебинде алдыда аяктады.

Сары-көк команда экинчи чейректин аягын да 53-44 эсебинде жапты.

Оюндун темпин көзөмөлдөгөн Фенербахче Беко акыркы чейрекке 26 упай айырмасы менен кирди: 83-57.

Түркиянын командасы атаандашын 31 упай айырма менен 107-76 эсебинде утуп алды.

Сезонду начар баштаганына карабастан жакшы ойногон Фенербахче Беко акыркы 8 оюндан жеңиш менен кайтты. Сары-көк команда ушул сезондо 13-жеңишине жетишти.



Тектеш кабарлар