ФИФА 2021 - жылдагы 17 жана 20 жашка чейинки дүйнөлүк кубокту жойду

Өзгөчө Перу жана Индонезиянын үй ээлик кылуу акысы сакталуу менен мелдештин 2023 -  жылы өткөрүлөрү маалымдалды.

1551843
ФИФА 2021 -  жылдагы 17 жана 20 жашка чейинки дүйнөлүк кубокту жойду

Эл аралык футбол федерациялары биримдиги ФИФА эркек футболунда келерки жылкы 17  жана 20 жашка чейинки дүйнөлүк кубоктун эпидемиядан улам жоюлгандыгын билдирди.

ФИФАдан берилген маалыматта эпидемиядан улам эл аралык саякаттардагы чектөөлөр жана турмуштук шарттардын жетеринче калыбына келбегендиги негиз көрсөтүлүп эркек футболунда 2021 -  жылы өткөрүлүшү пландалган 17 жана 20 жашка чейинки дүйнөлүк кубоктун жоюлгандыгы белгиленди.

Өзгөчө Перу жана Индонезиянын үй ээлик кылуу акысы сакталуу менен мелдештин 2023 -  жылы өткөрүлөрү маалымдалды. Ушул боюнча 2023 – жылы 17 жашка чейинки дүйнөлүк кубокту Перу, 20 жашка чейинки дүйнөлүк кубокту Индонезия өткөрөт.



Тектеш кабарлар