Францияда футбол ойногон Юсуф Языжынын ийгилиги...

Оюндун 19 мүнөтүндө Юсуф Языжы биринчи голду киргизип, Зеки Челик пастын ээси болду.

1547269
Францияда футбол ойногон Юсуф Языжынын ийгилиги...

Францияда Лилль 1-лигада лидерлигин улантып, Дижонду 2-0 эсебинде алардын талаасында утуп алды.

Беттеште биздин улуттук футболчулар из калтырышты. Оюндун 19 мүнөтүндө Юсуф Языжы биринчи голду киргизип, Зеки Челик пастын ээси болду.

Бурак Йылмаз оюнга 58 мүнөттө кошулду.

Лига 1дин 15-жумасына алдыңкы орунду алып кирген Лилль Дижондун «Гастон-Жерар» стадионунда коногу болду.

Беттешти тез баштаган Лилль 18-мүнөттө Зеки Челиктин пасында Юсуф Языжы торду силкип, 1-0 эсебинде алдыга озуп кетти жана биринчи тайм ушул эсеп менен аяктады.

Экинчи таймда оюнду көзөмөлдөп турган Лилль, 90 + 3-мүнөттө  Тиметей Веанын голу менен 2-0 жеңишке ээ болду.

Голдо үлүшү бар улуттук оюнчулар 84-мүнөткө чейин талаада калышса, Зекинин ордуна Тиаго Джало жана  Юсуфтун ордуна  Исаак Лихажи оюнга кирди.

Бурак Йылмаз беттешке 58-мүнөттө Жонатан Дэвиддин ордуна кошулду.

Бул жыйынтык менен Лилль өз упайын 32ге жеткирип, беттештин лидери бойдон кала берди.

Дижон 9 упай менен акыркы орунда болду.



Тектеш кабарлар