Мессинин жаңы рекорду

Карьерасында сан жеткис ийгиликтери болгон аргентиналык супер жылдыз, Чемпиондор лигасынын тарыхында кала турган болду.

1294248
Мессинин жаңы рекорду
2019-10-23T211702Z_1917599103_RC1F8E8F4700_RTRMADP_3_SOCCER-CHAMPIONS-SLP-FCB-REPORT.JPG
2019-10-23T204719Z_132180258_RC1857A21B90_RTRMADP_3_SOCCER-CHAMPIONS-SLP-FCB-REPORT.JPG

Лионель Месси рекорд үстүнө рекорддорду багындырууда...

Карьерасында сан жеткис ийгиликтери болгон аргентиналык супер жылдыз, Чемпиондор лигасынын тарыхында кала турган болду.

Барселонанын Славия Праганын талаасында ойногон оюнунда командасынын алгачкы голун киргизген Месси, Чемпиондор лигасында удаама-удаа 15 сезон бою гол киргизе алган алгачкы оюнчу болду.

Месси, Славия Прагага киргизген голу менен мелдештин тарыхында 33 башка командага гол киргизген Раул жана Криштиану Роналдуга да жеткен болду.

Супер жылдыздын карьерасында Барселона менен бул сезондо бир тайпада ойногон Интер жана Боруссия Дортмундга гол киргизген жок.

Месси бул эки командадан бирөөнө киргизсе, рекорддун жалгыз ээси болот.

Аргентиналык оюнчу Чемпиондор лигасындагы алгачкы голун 2005-2006 сезонунда Панатинайкоско киргизген болчу.

32 жаштагы жылдыз, Чемпиондор лигасындагы карьерасында 114 жолу топту дарбазага киргизди.

 

 

 



Тектеш кабарлар