Түркиялык спортчулардын жетишкендиги

Түркиялык спортчулар тхэквондо боюнча чемпионаттын экинчи күнүндө 3 медалга ээ болушту.

1280910
Түркиялык спортчулардын жетишкендиги

Испанияда өтүп жаткан Европа жылдыздар тхэквондо чемпионатынын экинчи күнүндө түркиялык спортчулар 3 медалга ээ болушту.

Чемпионаттын экинчи күнүндө эркектер арасында 49,57,65 ал эми кыздар арасында 44,51 жана 55 килограмм салмактарда мелдештер өткөрүлдү.

Түрк спортчулар экинчи күнкү таймаштарда 1 күмүш жана 2 коло медалды багындырышты.

Кыздар арасында 44 килограмма салмакта Мерйем Элиф Ийин күмүш, ушул эле салмакта Шейма Көсеоглу коло медаль алды.

Эркектер арасында 65 килогамм салмакта болсо Угур Декли коло медаль тагынды.



Тектеш кабарлар