Европа волейбол чемпионатында Словения финалга жогорулады

Европа волейбол чемпионатынын жарым финалында Словения Польшаны утту.

1277691
Европа волейбол чемпионатында Словения финалга жогорулады

Европа волейбол чемпионатында Польша менен Словения финал үчүн күч сынашты.

Мелдешке кожоюндук кылган Словения, катуу таймашылган оюндун биринчи бөлүмүн 25-23 упай менен утту.

Экинчи бөлүмдө да катуу таймаш болуп Польша 26-24 упай менен утуп оюнду теңдеди.

Үчүнчү бөлүмдө оюндагы үстөмдүгүн арттырган Словения 25-22 упайлык эсеп менен 2-1 алдыга өттү.

Борбор шаар Люблянада ойнолгон жана 11425 күйөрман көргөн оюндун төртүнчү бөлүмү бүйүрдү кызытты.

Акыркы мүнөткө дейре болгон катуу таймашты 25-23 эсеби менен уткан Словения финалга жогорулаган алгачкы команда болду.

Жарым финалдын берки оюнунда Франция менен Сербия күч сынашат.

Мелдеш жекшемби күнү боло турган финал беттешүүсү менен аяктайт.



Тектеш кабарлар