Димитар Бербатов 20 жылдык футбол карьерин акырына чыгарды

Бербатов Болгариянын Улуттук командасында 78 оюнда 48 жолу голь киргизип өлкөсүнүн эң көп голь киргизген футболчусу наамына ээ.

1273394
Димитар Бербатов 20 жылдык футбол карьерин акырына чыгарды

Болгариялык чабуулчу Димитар Бербатов 20 жылдык профессионалдуу футбол карьерин акырына чыгарды. Твиттерден эс алууга чыгуу чечимин билдирген 38 жаштагы чабуулчу бир жылдан ашуун убакыттан бери футболдон алыс экендигин эске салып : «Бул узун жолчулуктан кийин эми карьерими акырына чыгаруу үчүн туура убакыт келди. Бирок футболдун ичинде болууну улантам»,- деди.

18 жашында баштаган футбол карьеринде Байер Леверкузен, Манчестер Юнайтед, Тоттенхэм жана Монако сыяктуу Европанын алдыңкы клубдарынын формаларын кийген Бербатов акыркы жолу өткөн жылы Индиянын командасы Керала Бластерсте ойногон.

Бербатов Болгариянын Улуттук командасында 78 оюнда 48 жолу голь киргизип өлкөсүнүн эң көп голь киргизген футболчусу наамына ээ.



Тектеш кабарлар