Эл аралык Яшар Догу күрөш турнири эртең башталат

Турнирге 35 өлкөдөн 300 күрөшчү катышат.

1233510
Эл аралык Яшар Догу күрөш турнири эртең башталат

47 -  Эл аралык Яшар Догу күрөш турнири эртең Стамбулда башталат.

Түркия күрөш федерациясынан берилген маалыматка караганда 11 – 14 -  июль күндөрү боло турган турнир олимпиада жана дүйнөлүк чемпиондорду жолугуштурат. Турнирге 35 өлкөдөн 300 күрөшчү катышат.

Түрк улуттук командасы турнирге Таха Акгүл, Ясемин Адар, Рыза Йылдырым, Селахаддин Кылычсаллайан, Селим Яшар, Женгизхан Эрдоган, Якуп Гөр, Энес Услу, Барыш Кая, Мухаммет Нури Котаноглу, Ибрахим Бөлүкбашы, Фатих Яшарлы, Баки Шахин, Эвин Демирхан, Бусе Тосун жана Бедиа Гүн сыяктуу ысымдар менен катышат.

Күрөштө АКШ, Азербайжан, Иран, Германия, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия, Украина, Индия, Болгария жана Румыния да күчтүү күрөшчүлөр менен катышат.

Турнирде олимпиада жана дүйнө чемпиондору АКШлык Жордан Берроуз, ирандык Хассан Алиазам Язданичарати, азербайжандык Шериф Шерифов, АКШлык Кайл Снайдер, олимпиада медалынын ээси, дүйнөлүк жана Европа чемпиону Куба тектүү италиялык  Фрэнк Чамизо, 2016  Рио олимпиадаларында алтын медалды багындырган канадалык Эрик Вибе да катышат.



Тектеш кабарлар