Түркия Европа оюндарында алгачкы алтын медалына ээ болду

Беларустун борбор шаары Минскте өткөн 2-Европа оюндарынын төртүнчү күнүндө улуттук спортчулар; ат оюндары, бадминтон, бокс, дзюдо жана жаа атуу тармактарында жарышышты.

1224614
Түркия Европа оюндарында алгачкы алтын медалына ээ болду

Түркия, 2019 Европа оюндарынын төртүнчү күнүндө бир алтын медалга ээ болду.

Улуттук жаачы Мете Газоз, швециялык атаандашы Флинкти 6-0 эсебинде утуп алып акыркы 16 жаачы калган турга өттү.

Беларустун борбор шаары Минскте өткөн 2-Европа оюндарынын төртүнчү күнүндө улуттук спортчулар; ат оюндары, бадминтон, бокс, дзюдо жана жаа атуу тармактарында жарышышты.

Дзюдодо улуттук спортчу Микаил Өзерлер, 90 кг салмакта чемпион болду жана мелдеште Түркияга алгачкы алтын медалды алып берди.

Ат оюндарында аралаш команданын ок атууларынын тандоолорунда таймашкан Сафийе Сарытүрк менен Явуз Илнам, 5-орунду алып медаль таймаштарына катыша албай калышты.

Неслихан Йигит болсо алгачкы беттешүсүндө болгар атаандашы Линда Зетчирини 2-0 эсебинде утту.

Улуттук жаачы Мете Газоз, швециялык атаандашы Людвиг Элоф Эрлинг Флинкти 6-0 эсебинде утуп алып, акыркы 16 жаачы катышкан турга өттү.



Тектеш кабарлар