Түрк атлеттери рекорд жаңылашты

Берлинде жеңил атлетика боюнча Европа чемпионаты өттү.

1038194
Түрк атлеттери рекорд жаңылашты

Германиянын борбор шаары Берлиндеги Фридрих-Людвиг-Ян спортпарк стадионунда уюштурулган жеңил атлетика боюнча Европа чемпионатынын жетинчи жана акыркы күнүндө эркектер арасында Т12 категориясында 400 метр жана Т11 категориясында 5 миң метрге чуркоонун финал жарыштары менен катар кыздар арасында Т54 категориясында 800 метр аралыкка чуркоо боюнча финал мелдеши өттү.

Т12 категориясында эркектер арасында 400 метрге чуркаган Огуз Акбулут жарышты биринчи бүтүрүп алтын медалга ээ болду.

Огуз бул жарышта германиялык Ульбрихт Томаска таандык чемпион рекордун жаңылады.

Ушул эле жарышта улуттук атлет Хакан Жира болсо коло медаль тагынды. Ал эми күмүш медалды португалиялык Луис Гонзальвес алды.

Т11 категориясында эркектер арасында 5 метрге чуркаган Хасан Качар үчүнчүлүктү алды жана коло медалдын ээси болду.

Т54 категориясында кыздар арасында 800 метрдин финалында Хамиде Курт коло медаль тагынды.

Чемпионатта буга чейин эки алтын медаль алган Хамиде, бул жарышта итальян Франческа Порчеллатого таандык 2005-жылдагы рекордду жаңылады.

 



Тектеш кабарлар