Жүнейт Чакыр Ел  -  Хилал менен Ел Иттихад командаларынын беттешүүсүн башкарат

Жүнейт Чакырдын жардамчылары Бахаттин Дуран менен Тарык Онгун болот. Жарыштын төртүнчү калысы Сауд Аравия футболдук федерациясынан Мухаммед Алисмаил болот.

1034463
Жүнейт Чакыр Ел  -  Хилал менен Ел Иттихад командаларынын беттешүүсүн башкарат

ФИФАнын түрк арбитры Жүнейт Чакыр Ел  -  Хилал менен Ел Иттихад командаларынын ортосунда ойноло турган Сауд Аравиянын супер кубок жарыштарын башкарат.

Түркия футбол федерациясынан берилген маалыматка караганда Сауд Аравиянын футбол федерациясынын чакыруусу, Борбордук калыстар кеңешинин бекитүүсү менен Чакыр Британиянын борбор шаары Лондондогу Loftus Road стадионунда эртең Түркия убактысы боюнча саат 20:30да баштала турган беттешти башкарат.

Жүнейт Чакырдын жардамчылары Бахаттин Дуран менен Тарык Онгун болот. Жарыштын төртүнчү калысы Сауд Аравия футболдук федерациясынан Мухаммед Алисмаил болот.



Тектеш кабарлар