Түркиянын жаачылары рекорддорун жаңылады

Мете жана Гүлназ 1333 баллга жетип дүйнөлүк рекорддун жаңы ээси болду.

1025584
Түркиянын жаачылары рекорддорун жаңылады

Түркиянын улуттук жаачысы Мете Газоз, Европа Гран присинде финалга жогоралды.

Түркиянын Жаачылар федерациясынын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Болгариянын борбор шаар Софияда өткөрүлгөн мелдеште Мете Газоз, эркетер арасында классикалык жаа атуу боюнча жарым финалда италиялык атаандашы Тонеллини 7-1 эсебинде утуп алып атын финалга жаздырды.

Жаа атуу боюнча тизмелөө жарыштарында Европа ректордун багындырган 19 жаштагы Мете, финалда молдовалык Дан Олару менен күч сынашат.

Аялдар арасында чыгырыктуу жаа атуу боюнча жарышкан улуттук спортчу Айше Бера Сүзер болсо, жарым финалда эстониялык Лиселл Жаатмага 144-142 эсебинде утулду.

Улуттук спортчу хорватиялык Аманда Млианрик менен коло медал үчүн таймашат.

Улуттук жаачылар Мете Газоз жана Айше Бера Сүзер, медал үчүн мелдештерге 4-авгутта чыгат.

Бул учурда улуттук жаачылар Гүлназ Бүшранур Жошкун жана Мете Газоз, чыгырктуу жаа атуу категориясында жаштар арасында аралаш командада дүйнөлүк рекордго жетишти.

Мете жана Гүлназ 1333 баллга жетип дүйнөлүк рекорддун жаңы ээси болду.

Бул тармакта мындан мурдагы рекорд 1307 балл менен Мете Газоз жана Ясемин Эжем Анагөз экөөнү таандык болчу.

Ясемин Эжем Анагөз, Гүлназ Бүшранур Жошкун жана Айбүке Актунадан турган классикалык жаа атуу боюнча айымдар командасы да, үчүнчүлүк мелдешинде Беларусту 6-2 эсебинде жеңип алып коло медалдын ээси болду.

 



Тектеш кабарлар