Швеция менен Швейцария беттешти
Таймаш кызуу өттү.
1005369
Орусияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын акыркы 16 команда ойногон турунда Швеция менен Швейцария беттешти.
Санкт-Петербург стадионунда ойнолгон беттешүүнү Швеция 1-0 эсебинде утуп алды.
Швецияга чейрек финал мүмкүнчүлүгүн берген голду 66-мүнөттө Эмиль Форсберг киргизди.
Швейцариянын командасында Майкл Ланг 93-мүнөттө кызыл карточка алып оюндан чыгып калды.
Швеция чейрек финалда Колумбияны пенальтилер менен уткан Англия менен беттешет.
Футболдук таймаш 7-июль ишемби күнү Самара Аренада өткөрүлөт.