ФИФА Дүйнөлүк кубоктун катышуучуларына канча төлөйт?

ФИФА дүйнө чемпионатынын катышуучуларына ийгиликтерине жараша төлөйт.

997710
ФИФА Дүйнөлүк кубоктун катышуучуларына канча төлөйт?

Эл аралык футбол федерациясы, 2018-жылкы Дүйнөлүк кубоктун катышуучусу 32 командага ийгиликтерине жараша жалпы 400 миллион доллар төлөйт.

Турнирдин аягында чемпиондукка жетишкен команда 38 миллион доллардын ээси болот.

Экинчиликти алган команда 28 миллион доллар, үчүнчүлүктү алган команда болсо 24 милллион долларга ээ болот.

Ал эми турнирде тайпалардан чыга албаган командалардын кассасына 8 миллион доллар түшөт.

Жеңишке жетишкен командалардын акчалары ФИФА тарабынан федерациялардын эсебине салынат.

Ошондой эле ар бир команда турнирдин алдында даярдык оюндары үчүн 1 жарым миллион долларлык киреше тапты.



Тектеш кабарлар