Дарүшшафака чемпион болду

Дарүшшафака баскетбол командасы Орусиянын командасы Локомотив Кубанды 67 – 59 упайга жеңип алды жана чемпиондукка жетишти.

951350
Дарүшшафака чемпион болду

Дарүшшафака баскетбол командасы УЛЕБ Европа кубогу финалынын экинчи оюнунда конок кылган Орусиянын командасы Локомотив Кубанды 67 – 59 упайга жеңип алды жана чемпиондукка жетишти.

Дарүшшафака тарыхында биринчи жолу Европа кубогун музейине алып барды. Дарүшшафакага беттештен кийин өткөрүлгөн азем менен кубогу берилди. Мындан тышкары УЛЕБ Европа кубогунун финал оюнунун негизги  оюнчусу  болуп Дарүшшафаканын АКШлык баскетболчусу Скотт Уилбекин тандалды.

Беттештен кийин өткөрүлгөн аземде Уилбекин сыйлыгын алды.

УЛЕБ Европа кубогун алган Дарүшшафака келерки сезондо түрк аба жолдорунун Европа лигасында орун алуу укугуна жетишти.

Жашыл  - кара команда бир сезондон кийин Европа баскетболунун жарышында кайрадан беттешет.

Президенттик басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда президент Р. Т. Эрдоган УЛЕБ Европа кубогунун чемпиону болушунан улам Дарүшшафака спорт клубунун директору Үмит Башкыртка куттуктоо телеграммасын жиберди.

 

 



Тектеш кабарлар