Түркияда рафтинг боюнча мелдештер өтүп жатат
Мелдештерге орто эсеп менен 350 спортчу катышууда.
Мугланын Даламан районунда уюштурулган R4 Rafting Түркия чемпионатынын биринчи бөлүм жарыштары башталды.
Даламан дарыясында башталган мелдештерге эркектер жана кыздар арасында 51 командадан орто эсеп менен 350 спортчу катышууда.
Алардын арасында Түркия менен катар Грузия, Болгария, Босния-Герцеговина, Италия, Иран, Казакстан, Монголия, Орусия, Сербия жана Украинадан спортчулар бар.
Түркиянын Өнүгүп келе жаткан спорт бөлүмдөрү федерациясынын рафтинг боюнча жетекчи орун басары жана Дүйнөлүк рафтинг федерациясынын экинчи башчысы Фикрет Йардымжы билдирүүсүндө, иш-чараны эң мыкты улантып жаткандарын айтты.
Түркияда спорттук туризм дегенде эң биринчи ойго келген жерлердин арасында Даламандын турганын билдирген Фикрет Йардымжы: «Ушундан улfм быйыл жарыштарды бул жерде уюштурдук жана жакшы катышуу болуп жатат»,-деди.
Жарыштар 8-апрель жекшемби күнү аяктайт.